Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 30- майы № 166-б

2019-жылдын 30-31-майында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 29-майынан 2-июнуна чейин Түркмөнстандын Ашхабад шаарына командировкага жиберилсин.

3.Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаковго (делегациянын башчысы) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынынын чечимине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев