Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-июну № 192-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголиянын Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголиянын Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголиянын Башкы архив башкармалыгы (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
Тараптардын ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташууну бекемдөөгө умтулуу менен,
жалпыга таанылган эл аралык укук принциптерине жана Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене. Кызматташуунун формасы
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
1. Тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн окуу визиттерин уюштуруу.
2. Архив иши боюнча конференцияларды, жолугушууларды, консультацияларды жана семинарларды уюштуруу.
3. Архив таануу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жарыялоолорду, китептерди, сунуштоолорду, журналдарды, ошондой эле жыйнактарды жана изилдөө иштерин алмашуу.
4. Эки өлкөнүн тарыхына жана маданиятына тиешелүү архивдик документтерди табуу жана алмашуу.
5. Техникалык жардам көрсөтүү программаларынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
6. Тараптардын биринин өлкөсүндө уюштурулган эл аралык жолугушууларга, конференцияларга жана семинарларга экинчи Тараптын делегаттарын чакыруу.
7. Эки өлкөнүн тарыхына жана маданиятына тиешелүү архивдик материалдарга жана документтерге изилдөө жүргүзүү максатында изилдөөчүлөрдү бири бирине жиберүү.
8. Жалпы кызыкчылыкты жараткан чөйрөлөрдө кызматташуу.
2-берене. Кызматташуунун жол-жобосу
2.1. Ушул Меморандумга ылайык алынган маалыматтар жана документтер экинчи Тараптын макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Меморандумдун координатору болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана Монголиянын Юстиция жана ички иштер министрлигинин Башкы архив башкармалыгы эсептелет.
2.3. Тараптар ар бир эки жылда Меморандумдун планын макулдашат жана бекитишет.
3-берене. Финансылык макулдашуу
3.1. Ушул Меморандумдун 1-беренесине ылайык эки Тарап өз ара визиттердин учурунда өз өкүлдөрүнүн чыгымдарын жабууга жооптуу. Эл аралык учуу каттамдарына кеткен чыгымдар жиберүүчү Тараптын, ал эми тамак-аш, турак жай жана ички иш сапарлары менен байланышкан чыгымдарды кабыл алуучу Тарап төлөйт.
3.2. Башка чыгымдар ар бир конкреттүү учурда Тараптар менен бирге талкууланат.
4-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
4.1. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана ишке ашырууда Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынышы керек.
5-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
5.1. Тараптардын өз ара макулдугу менен ушул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6-берене. Башка жоболор
6.1. Ушул Меморандумдун алкагында кызматташууда Тараптар орус тилин пайдаланышат.
6.2. Ушул Меморандум Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
7-берене. Корутунду жоболор
7.1. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7.2. Ушул Меморандум биринчи Тарап экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү алган датадан тартып алты ай өткөндөн кийин өзүнүн жарактуулугун токтотот.
_______________ шаарында 201__-жылдын "__" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, монгол жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн |
| Монголиянын Башкы архив башкармалыгы үчүн |