Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 7-июну № 190-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Индия Республикасынын Саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк бакубаттык министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Индия Республикасынын Саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк бакубаттык министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Индия Республикасынын Саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк бакубаттык министрлиги,
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кыйла тыгыз байланыштарды алдыга жылдырууга кызыктар экендигин өз ара ырасташып, жогорку деңгээлдеги иш сапарлар менен бекемделген Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы мамилелердин оң маанайда өнүгүшүн эске алып,
Эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо секторунда тажрыйба алмашуу боюнча потенциалдын бар экендигин белгилеп,
Саламаттык сактоо секторунда кызматташтык менен өнөктөштүктү, биргелешкен демилгелерди жана технологиялык иштелмелерди жогорулатуудагы өз ара кызыкчылыктардын негизинде;
Төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1. Кызматташтыктын максаты
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - Меморандум) максаты болуп техникалык, илимий, финансылык жана адам ресурстарын бириктирүү жолу аркылуу Тараптар ортосундагы саламаттык сактоо жаатында министрликтер ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты жолго коюу саналат.
2. Кызматташтык тармагы
Тараптар ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
i) саламаттык сактоо системасын чыңдоо;
ii) жугуштуу эмес, жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү жана микробго каршы резистенттүүлүк;
iii) ооруканаларды башкаруу системалары менен медициналык маалымат системаларын иштеп чыгуу;
iv) эне жана баланын ден соолугун сактоо;
v) медициналык изилдөөлөр;
vi) бөйрөктү жана боорду кайра салуу, жүрөк, онкология, ортопедия, травматология хирургиясында тажрыйба алмашуу;
vii) саламаттык сактоо жаатында адам ресурстарынын потенциалын жогорулатуу;
viii) дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу;
ix) дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн тиешелүү практикасы жаатында тажрыйба жана маалымат алмашуу;
x) ооруларга интеграцияланган көзөмөл жүргүзүү;
xi) тажрыйба алмашуу боюнча врачтар, орто медициналык персонал жана IT-адистери арасында визиттерди уюштуруу;
xii) электрондук саламаттык сактоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
xiii) андан ары Индия Республикасында стажировкадан өтүү менен "Индия-Кыргыз маалыматтык технологиялар борборунда" окууга, квалификациясын жогорулатууга медициналык адистерге мүмкүндүк берүү;
xiv) медициналык туризм; жана
xv) өз ара макулдашылышы мүмкүн болгон кызматташтыктын ар кандай түрү.
3. Каржылоо
Ушул Меморандумдун алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдарды жабуу үчүн финансы механизмдерин Тараптар каражаттардын жана ресурстардын болушуна жараша жекече негизде ар бир конкреттүү учурда өз ара аныкташат.
4. Ишке ашыруу
Тараптар ушул Меморандумдун деталдарын андан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүшөт. Жумушчу топ Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча тиешелүү санда/интервалда жолугушууларды өткөрөт.
5. Интеллектуалдык менчик укугу
(a) Тараптардын экөө тең бул кызматташтыктын негизинде иштелип чыккан интеллектуалдык менчик укуктарын тиешелүү мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон башка көп тараптуу келишимдерге ылайык тиешелүү түрдө коргоону камсыз кылууну макулдашат.
(b) Ушул Меморандумдун алкагындагы кандайдыр бир конкреттүү макулдашуу, программа же долбоор интеллектуалдык менчик маселелерин жаратса, Тараптар өз мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык мындай түрдөгү интеллектуалдык менчикти коргоо үчүн өзүнчө макулдашуу түзүшөт.
6. Маалыматтардын купуялуулугу
Тараптардын биринин кат жүзүндөгү уруксаты болбой туруп Тараптар ушул Меморандумдун алкагындагы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө бири-бирине берүүчү кандайдыр бир купуя маалыматтарды кайсы бир үчүнчү тарапка ачып бербей жана жайылтпай тургандыгын билдиришет.
7. Кайра карап чыгуу, оңдоо жана өзгөртүү киргизүү
Тараптардын кайсынысы болбосун ушул Меморандумду бүтүндөй же кайсы гана бөлүгүн кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла алат. Тараптар тарабынан кабыл алынган ар кандай кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо жазуу жүзүндө берилет жана ушул Меморандумдун бөлүгү болуп саналат. Мындай кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо Тараптар белгилеген күндөн тартып күчүнө кирет. Ар кандай кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо ушундай кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо киргизүү күнүнө чейин ушул Меморандумга негизделген же андан келип чыккан укуктар менен милдеттерге кедергисин тийгизбейт.
8. Талап-тартыштарды чечүү
Ушул Меморандумдун кайсы бир жобосун чечмелөө жана жүзөгө ашыруу же колдонуу менен байланышкан Тараптар ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктер же талаш-тартыштар Тараптар ортосунда өз ара сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
9. Күчүнө кирүү датасы, жаратуулук мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум беш (5) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири дипломатиялык канал боюнча жазуу жүзүндө ушул Меморандумдун аракетин токтотуу тууралуу ниетин Меморандум мөөнөтү аяктаарына 6 (алты) ай калгыча экинчи Тарапка билдирбесе, анда ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташтык мезгили автоматтык түрдө кийинки беш (5) жылга узартылат.
Ушул Меморандумдун аракетинин токтошу ушул Меморандумдун аракеттеги мөөнөтү аяктаганга чейин Тараптар тарабынын аныкталган соңку иш-чаралар менен программаларды жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт.
Жогоруда баяндалгандарды ырастоо иретинде төмөндө кол коюучулар (өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан мындай укукка ээ болгон) ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
20__-жылдын "__" ____________ ____________________ шаарында эки (2) нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, орус, индус жана англис тилдеринде жана тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ. Чечмелөө учурунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер жаралган учурларда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан |
| Индия Республикасынын Саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк бакубаттык министрлигинин атынан |
_____________________________ |
| _____________________________ |