Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 201-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кытай метеорологиялык администрациясынын ортосундагы Фэнюнь метеорологиялык спутниктерин пайдалануу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кытай метеорологиялык администрациясынын ортосундагы Фэнюнь метеорологиялык спутниктерин пайдалануу боюнча кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
2018-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү белгилөө жөнүндө биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле 1996-жылдын 4-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытай метеорологиялык башкармалыгынын ортосундагы Метеорология тармагында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттиги аркылуу жана Кытай метеорологиялык администрациясы, мындан ары Тараптар деп аталып, тең укуктуулук жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде метеорология тармагындагы илимий-техникалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында Фэнюнь спутниктеринен метеорологиялык спутниктик маалыматтарды пайдаланууну жакшыртуу, эки өлкөнүн элдеринин коопсуздугун жана байгерчилигин, ошондой эле улуттук экономикалык өнүгүүсүн жана региондук кызматташтыкты бекемдөөнү колдоо үчүн аба ырайын божомолдоо, табигый кырсыктардын алдын алуу, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана жеңилдетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.
Ушул максатта Тараптар Метеорологиялык спутниктик маалыматтарды пайдалануу жана техникалык тейлөө көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюу зарылдыгына келишти.
1-берене.
Ушул макулдашуунун мазмуну өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Кытай тарабынан Фэнюнь метеорологиялык спутниктик маалыматтары берүү жана өткөрүп берүү.
2. Фэнюнь спутниктеринин маалыматтарын алуу үчүн жердеги системаны жана бул маалыматтарды пайдалануу үчүн платформаны Кыргыз тараптын аймагында орнотуу.
3. Фэнюнь метеорологиялык спутниктеринен алынган маалыматтар боюнча аралыктан зонддоонун адистештирилген продукттарын Кытай тарабынан иштеп чыгуу жана аларды метеорологияда, агрометеорологияда, гидрологияда, гляциологияда, айлана-чөйрөнүн булгануусу жаатында пайдалануу.
4. Өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда жана алардын кесепеттерин жоюу учурларында Фэнюнь спутниктик маалыматтары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчам колдоо көрсөтүү.
5. Фэнюнь спутниктеринен метеорологиялык маалыматтарды пайдалануу боюнча Кыргыз тараптын кызматкерлерине тренингдерди уюштуруу.
6. Фэнюнь метеорологиялык спутниктеринен маалыматтарды пайдалануу жөнүндө техникалык маалыматтар менен алмашуу.
7. Тараптар макулдашкан башка биргелешкен иш-чаралар.
8. Бардык жабдуулар, маалыматтык билдирүүлөр жана ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматтар акысыз негизде берилет.
2-берене.
Тараптардын милдеттери төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын алкагында объекттерди жайгаштырууга, жардамчы инфратүзүмдү курууга жана Кытайлык тарап жиберген спутниктик жабдууларды бажылык тариздөө жол-жобосуна көмөк көрсөтөт.
2. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасында орнотулган жабдууларды дайыма иш абалында кармоо үчүн жооп берет.
3. Кыргыз тарап алынган маалыматтардын тизмесин жаңыртуу зарылдыгы болгон учурда белгиленген тартипте Кытай тарабына кайрылууга укуктуу
4. Кытайлык тарап Кыргыз тарабына Фэнюнь спутниктеринен маалыматты алуу үчүн жабдууларды берет жана маалыматтарды берүүнүн спутниктик системасын пайдаланууда, тейлөөдө жана жакшыртууда туруктуу негизде колдоо көрсөтөт.
5. Кытайлык тарап Кыргыз тарапка спутниктик маалыматтарды пайдалануу боюнча платформаны, ошондой эле Кыргыз тараптын муктаждыктарына негизделип адистештирилген продукттарды жана кызматтарды берет.
6. Кытайлык тарап аралыктан зонддоонун маалыматтарын пайдалануу боюнча техникалык колдоону камсыз кылат.
7. Тараптар эксперттердин өз ара визиттерин уюштуруу боюнча колдоо көрсөтөт.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды Тараптардын милдеттенмелерине ылайык жабышат. Ушул Макулдашууда каралбаган ар кандай финансылык маселелерди Тараптар жеке тартипте сүйлөшүү жолу менен чечишет.
4-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун натыйжасында алынган жыйынтыктарды, билимди жана башка мүлктүк укуктарды Тараптардын уруксаты жок үчүнчү жактарга берүүгө болбойт.
5-берене.
Ушул Макулдашуу менен байланышкан укуктар жана милдеттенмелер тууралуу ар кандай талаш-тартыштар сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечилет.
6-берене.
Ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн тоскоолдуктар жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктар келип чыккан учурда Тараптар бул жөнүндө бири бирине билдиришет жана пайда болгон көйгөйдү чечүү үчүн өз ара макулдашылган чараларды көрүшөт.
7-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон башка эл аралык макулдашууларда каралган укуктарды жана кабыл алган милдеттенмелерди ишке ашырууга тоскоолдук кылбайт.
9-берене.
Тараптар Фэнюнь метеорологиялык спутниктерин пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн жана ушул Макулдашуунун жүзөгө ашырылышын координациялоо максатында кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу адамдарды дайындашат.
10-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл аралыгында колдонулат. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка иш мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде 6 ай калганда Макулдашууну бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бербесе, ал автоматтык түрдө кийинки ушундай мезгилге узартылып турат.
Ушул Макулдашуунун колдонуу күчүн токтотуу бул Макулдашууга ылайык кандайдыр бир учурдагы ишти аткарууга таасир бербейт.
2019-жылдын "__" июнунда Бишкек шаарында эки нускада кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун кайсы бир беренеси ар кандай чечмеленген учурда, артыкчылык англис тилиндеги версияга берилет.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн |
| Кытай метеорологиялык администрациясы үчүн |