Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 202-б
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, илим жана спорт министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, илим жана спорт министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Монголиянын Билим берүү, маданият, илим жана спорт министрлиги,
- кыргыз жана монгол элдеринин ортосунда болгон достук мамилени кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө ниет кылып,
- билим берүү жаатындагы кызматташтык өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жөндөм түзөрүнө ишеним артып,
- өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене.
Тараптар өнөктөштүк жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде билим берүү жаатында кызматташуунун ар кандай формаларын колдоп турушат.
2-берене.
Тараптар билим берүү жаатында өнүктүрүү жана пландоо, башкарууну уюштуруу сыяктуу эң маанилүү багыттар боюнча иш тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Монголиянын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууну колдоого алат.
4-берене.
Тараптар жогорку окуу жайлар аралык макулдашуулардын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин жана окутуучуларын алмашуу мүмкүнчүлүгүн караштырышат.
5-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөнүн жана ишке ашыруунун натыйжасында Тараптардын ортосунда пайда болушу мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
7-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири тиешелүү беш жылдык мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен экинчи тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анда ал кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылып турат.
2019-жылдын "__" ____________ _______________ шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, орус жана монгол тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |
| Монголиянын Билим берүү, маданият, илим жана спорт министрлиги үчүн |