Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 210-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташтыктын алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү калктын бакубаттуулугун жогорулатуучу долбоорлор боюнча Тараптардын ортосундагы келечектеги макулдашууларды ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 500,0 миллион кытай юанды түзгөн кайтарымсыз жардамды берет. Конкреттүү маселелер Тараптар кошумча кол коё турган макулдашууларда каралат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы экинчи Тараптын атынан кытай юанында № 2019/1-грант гранттык эсепти өз ара ачышат, ал пайыздарды жана жыйымдарды эсептөөсүз иштетилет. Гранттык каражаттарды колдонууда эсеп жүргүзүү тартиби Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Банктар аталган эсептердеги каражаттарды колдонуу жөнүндө маалыматтарды Тараптарга үзгүлтүксүз жөнөтүп турушат.
3-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттенмелерди Тараптар аткарганга чейин колдонулат.
2019-жылдын "__" __________ ____________ Бишкек шаарында эки нускада, Тараптардын ар бирине бирден нускадан, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |