Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 205-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Монголиянын Интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосундагы Интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосундагы Интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы өз ара түшүнүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосу,
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени жана Тараптардын ортосундагы өз ара пайдалуу байланышты эске алып, эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучулары болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди натыйжалуу коргоону камсыздоо максатында,
эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн түшүнүп жана интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди сактоого умтулуп,
интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди натыйжалуу жана негиздүү коргоо ушундай кызматташууну өнүктүрүү үчүн зарыл шарт болуп саналарын билип,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүүгө келишти:
1-берене.
Өз ара түшүнүү жөнүндө ушул меморандумдун (мындан ары "Меморандум" деп аталуучу) максаттары үчүн "интеллектуалдык менчик" 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдо кол коюлган Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмун түзүүчү конвенциянын 2-беренесинде баяндалган маанисинде түшүндүрүлөт.
2-берене.
Бул Меморандумдун максаты болуп Тараптардын ортосундагы интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө саналат.
Тараптар бири бирине интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле алардын ведомстволорундагы уюштуруу өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымдан турушу керек.
3-берене.
Тараптар ушул Меморандумга жана алар катышуучулары болуп саналган башка эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайданын жана теңдиктин негизинде интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы кызматташууну жүзөгө ашырат жана өнүктүрөт.
Тараптардын кызматташуусу төмөнкүлөргө багытталат:
- интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоого жана пайдаланууга байланыштуу маселелерди талкуулоо;
- интеллектуалдык менчикке укуктарды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы маалыматтарды, ченемдик жана башка документтерди, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана адистерди жиберишүү;
- интеллектуалдык менчикти, салттуу билимдерди, генетикалык ресурстарды жана маданияттын салттуу белгилерин укуктук коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча биргелешкен конференцияларга, семинарларга жана жумушчу жолугушууларга катышуу;
- Интернет тарамында автордук укукту коргоо маселелерин талкуулоо боюнча жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жаатында, ошондой эле технологияларды өткөрүп берүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
- кызматташуунун өз ара макулдашылган башка түрлөрү.
4-берене.
Бул Меморандумдун алкагында Тараптар өз ара макулдашуу менен кызматташуу боюнча пландарга жыл сайын кол коюшат.
5-берене.
Ар бир Тарап ушул Меморандумга ылайык аткарылуучу иштер боюнча чыгымдарды өз алдынча тартат.
6-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөнүн жана ишке ашыруунун натыйжасында Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүү аркылуу чечилиши керек.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен жазуу жүзүндө таризделет.
8-берене.
Ушул Меморандум ага эки Тарап тең кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
Тараптардын бири экинчи Тараптын дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумдун колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүсүн алган датадан тартып алты ай өткөндөн кийин бул Меморандум күчүн жоготот.
201_-жылдын "__" ________ ______________ шаарында ар бири кыргыз, монгол жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы үчүн |
| Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосу үчүн |
Төрага |
| Башкы директор |