Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 21-июну, № - 226-б
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Респубикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № ССС463550, кузовунун № WVWZZZ6RZBҮ086194, кыймылдаткычынын көлөмү 1400 см3, ак түстөгү "Фольксваген Поло" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемеси ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |