Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-июну № 346
(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 3-декабрындагы № 685 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон проблемалуу маселелерди чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аяктаганга чейин туруктуу негизде иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй маселелерди иштеп чыксын:
- чет элдик, жасалма жана оперативдүү автомобиль номерлерин колдонуу тартиби жөнүндө;
- автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарды өндүрүү жөнүндө;
- өз учурунда кайра каттоодон өтпөгөн жана ишеним каттын негизинде башка менчик ээлерине өткөн автотранспорт каражаттары жөнүндө;
- атайын автотранспорт каражаттарын аппараттык-программалык комплекстери менен белгилөөнү алып салуу жөнүндө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоорду андан ары өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө;
- "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга байланышкан дагы башка маселелер жөнүндө.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча ыкчам тартипте зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу чыгып калган учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өткөрүлөт.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 3-декабрындагы № 685 буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон проблемалуу маселелерди чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 3-декабрындагы № 685 буйругунун редакциясына ылайык)
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Есеналиев Максатбек Күлчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Тургунбеков Мирлан Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Туйбаева Айнура Абдыкалыковна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Алымкулов Азизбек Эсенбекович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Абдиев Нурбек Такабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын начальниги; |
Черикчиев Кубат Сырымович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Бекешов Тыныбек Ильязович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын башкы инспектор-аналитиги; |
Бейшенбаев Уланбек Бекежанович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын транспорт жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Отинов Алексей Анатольевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны контролдоо башкармалыгынын маалыматтык-техникалык бөлүмүнүн начальниги; |
Чериков Семетей Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Аширматова Жайнагүл Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуу жана экспертизалоо 1-башкармалыгынын башкы адисинин милдетин аткаруучу; |
Джээнбаева Элнура Нурманбетовна | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Шекеев Азат Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жетектөөчү адиси; |
Касмалиев Усеин Турсунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары. |
Саркулов Ыманалы Кадырбаевич
|
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
|