Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-июну № 224-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги,
экологиялык проблемалардын глобалдуу мүнөзүн эске алып жана айлана-чөйрөнү сактоо жана жакшыртуу үчүн өздөрүнүн жоопкерчилигин моюнга алышып,
айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташууну кеңейтүүгө умтулушуп, азыркы жана келечек муундар үчүн айлана-чөйрөнү коргоонун жана абалын жакшыртуунун маанисин түшүнүшүп,
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык кызматташтыктын топтолгон тажрыйбасын эске алышып,
Тараптар катышкан айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы эл аралык келишимдердин жоболоруна таянышып, төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жана принциптерине таянуу менен, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык кызматташышат.
2-берене.
Кызматташуу төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат:
- климаттын өзгөрүшү;
- жаратылышты пайдаланууда экономикалык методдорду колдонуу;
- айлана-чөйрөгө таасирди баалоону, экологиялык экспертизаны жана аудитти колдонуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо тармагында нормага салуу, стандартташтыруу жана сертификаттоо;
- айлана-чөйрөгө мониторинг жасоо;
- атмосфералык абаны коргоо;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды коруу;
- саркынды сууларды тазалоо (тазалоочу курулмалар);
- ландшафттарды жана экосистемаларды коруу;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, айрыкча сейрек жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрдү коруу;
- калдыктарды башкаруу, тиричиликтин катуу калдыктарын кайра иштетүү;
- ядролук, радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кадрлык потенциалды жогорулатуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы илимий изилдөөлөр;
- айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы билим берүү жана агартуу, табигый байлыктар менен тааныштыруу жана аларды коруу максаттарында экологиялык туризмдин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү.
3-берене.
Кызматташтык төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылышы мүмкүн:
- Тараптардын ушул Меморандумдун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташуунун биргелешкен программаларын, долбоорлорду иштеп чыгуусу жана аткаруусу;
- айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө кеңешмелерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү, улуттук баяндамаларды жана башка керектүү болгон ачык маалыматтарды алмашуу;
- жаратылышты коргоонун ар түрдүү багыттары боюнча тааныштыруучу, илимий жана окуу максаттарында илимпоздорду жана адистерди алмашуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу тармагындагы ченемдик укуктук актыларды, нормативдик-техникалык жана методикалык документтерди, илимий-техникалык адабияттарды, башка маалыматтарды алмашуу;
- Кыргыздын жана Япониянын адистеринин Кыргыз Республикасында жана Японияда өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуусу;
- - жаратылышты коргоо боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү, биргелешкен экспедицияларды ишке ашыруу.
Кызматташтык Тараптар макулдашуучу башка багыттарда да ишке ашырылышы мүмкүн.
4-берене.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы кызматташуунун формаларынын бири катары "Япониялык-Борбордук Азиялык Экологиялык форум" (мындан ары - форум) түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
5-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, иштери айлана-чөйрөнү коргоо менен байланыштуу болгон уюмдардын тыгыз байланыштарын өнүктүрүүгө шарт түзүшөт.
Тараптар жогоруда айтылган субъекттердин ушул Меморандумдун негизинде түзүлгөн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик алышпайт.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Тараптардын ортосунда ушул Меморандумду чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу пайда болуучу ар кандай талаштар сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечилет.
7-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Тараптардын ортосунда түзүлгөн башка эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
8-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум ага кол коюлган датадан баштап күчүнө кирет жана беш жыл бою жарактуу болот.
Эгерде Тараптардын эч бири ушул мөөнөт бүтөөрдөн минимум алты ай мурда экинчи Тарапка аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, бул Меморандум кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү улантыла берет.
2019-жылдын "__" _________ _____________ шаарында ар бири кыргыз, япон, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө талаштар пайда болсо англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
| Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги |