Редакцияот 26.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 26-июну, № 232-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2019-жылдын 29-июну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2019-жылдын 29-июну жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев