Редакцияот 03.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 3-июлу, № 246-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын материалдык-техникалык базасын чьңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин арызынын негизинде 2018-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2TR9194668, кузовунун № JTGSX22P4J6200374, кыймылдаткычынын көлөмү 2694 см3, ак түстөгү "Тойота Хайс" маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев