Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 562-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2019-жылдын 5-июлу № 248-б
Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын ишке ашыруу максатында:
1. Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- жыл сайын 15-январга чейин Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Иш-аракеттер планын аткарууга координациялоо жана мониторинг жүргүзсүн;
- жыл сайын 25-январга чейин Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 371-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 372-б буйругу.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер ПЛАНЫ
№ | Иш-аракеттер | Максат | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу орган | Мөөнөтү | Бюджет (миң сом) | Тышкы ресурстар (миң сом) | Бюджет (миң сом) | Тышкы ресурстар (миң сом) | Бюджет (миң сом) | Тышкы ресурстар (миң сом) |
|
|
|
|
|
| 2019 | 2020 | 2021 | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
1. Мыйзамдарды өркүндөтүү | |||||||||||
1.1 | Эскирген пестициддер көмүлгөн жайлар жана сактоо кампалары үчүн жооптуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Эскирген пестициддерди экологиялык коопсуз сактоо жана андан ары утилизациялоо | Эскирген пестициддер көмүлгөн жайлар жана сактоо кампалары үчүн жооптуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | Токой агенттиги, АЧТӨМ, ССМ, ӨКМ, Экотехинспекция | 2019-жылдын декабры | 66,0 | 150,0 |
|
|
|
|
1.2. | ПХД камтыган жабдуулар үчүн жооптуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ПХД камтыган жабдууларды экологиялык коопсуз сактоо жана андан ары утилизациялоо | ПХД камтыган жабдуулар үчүн жооптуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | Токой агенттиги, ӨЭЖМК, ССМ, ӨКМ, Экотехинспекция, АЧТӨМ | 2019-жылдын декабры | 66,0 | 150,0 |
|
|
|
|
1.3. | Химиялык заттарды башкаруу боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук базага, ведомстволук нускамаларга талдоо жүргүзүү жана өксүктөр менен коллизияларды аныктоо | Стокгольм конвенциясынын талаптарына ылайык келтирүү максатында химиялык заттарды башкаруу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү | Химиялык заттарды башкаруу боюнча ченемдик укуктук базага, ведомстволук нускамаларга талдоо жүргүзүлдү жана өксүктөр менен коллизиялар аныкталды | Токой агенттиги, АЧТӨМ, ӨЭЖМК, ССМ; ӨКМ, Экотехинспекция | 2020-жылдын декабры - 2021-жылдын декабры |
|
| 165,0 | 400,0 |
|
|
1.4 | Химиялык заттарды башкаруу жаатында институттук талдоо. Жөнгө салуучу функцияларды бөлүштүрүү. Химиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрү жана жөнгө салуучу функцияларды бөлүштүрүү жөнүндө ведомстволор аралык келишимди кабыл алуу | Химиялык заттарды пайдалануу үчүн башкаруучу жана контролдоочу органдардын натыйжалуулугун жогорулатуу | Химиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрү жана жөнгө салуучу функцияларды бөлүштүрүү жөнүндө ведомстволор аралык келишимди кабыл алынды | Токой агенттиги, АЧТӨМ, ӨЭЖМК, ССМ, ӨКМ, Экотехинспекция | 2020-жылдын декабры |
|
| 198,0 | 600,0 |
|
|
1.5 | ПХД камтыган жабдууларды коопсуз пайдалануу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | ПХДны коопсуз башкаруу системасын уюштуруу | ПХД камтыган жабдууларды коопсуз пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбору иштелип чыккын | Токой агенттиги ӨЭЖМК, Экотехинспекция | 2019-жылдын декабры | 306,0 | 600,0 |
|
|
|
|
2. Эскирген пестициддерди коопсуз сактоо | |||||||||||
2.1 | Эскирген пестициддерди көмүлгөн аймактарды (көмүү жайларын) көрктөндүрүү. Агып чыгуулардын жана кырсыктардын алдын алуу үчүн контролдоону жана техникалык тейлөөнү жакшыртуу | Экологиялык коопсуз сактоо үчүн тиешелүү режимди жана шарттарды камсыздоо | Эскирген пестициддерди көмүү аймактары көрктөндүрүлдү, техникалык көзөмөлдөө жөнгө салынды | АЧТӨМ, ӨКМ, Токой агенттиги ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын декабры - 2020-жылдын декабры |
| 8899,0 |
|
|
|
|
2.2 | Республиканын түндүгүндө жана түштүгүндө эскирген пестициддерди убактылуу сактоо үчүн эки борборлоштурулган базалык кампаларды куруу. Эскирген пестициддерди экологиялык кабыл алгылыктуу идишке салуу жана аларды сактоочу кампалардан базалык кампаларга ташуу | Экологиялык коопсуз сактоонун тиешелүү режимин жана шарттарын камсыздоо | Эскирген пестициддерди убактылуу сактоо үчүн базалык кампалар курулду. Эскирген пестициддер базалык кампаларга жеткирилди жана жайгаштырылды | Токой агенттиги АЧТӨМ, ӨКМ, Экотехинспекция, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын декабры 2020-жылдын декабры |
| 40951,1 |
|
|
|
|
2.3 | Эскирген пестициддерди көмүү жайларында инвентаризация жана идентификация жүргүзүү | Эскирген пестициддердин запастарын сандык жана сапаттык баалоо | Эскирген пестициддерди көмүү жайларында инвентаризациялоодон жана идентификациялоодон өткөрүлдү | АЧТӨМ, Токой агенттиги Экотехинспекция | 2019-жылдын декабры - 2020-жылдын декабры | 264,0 | 2751,5 |
|
|
|
|
2.4 | Эскирген пестициддер менен булганган аянттарды аныктоо жана ремедиациялоо | Тазаланган жерлерди андан ары коопсуз пайдаланууну камсыздоо | Эскирген пестициддер менен булганган аянттар аныкталды. Аларды ремедиациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү | Токой агенттиги АЧТӨМ, МЧС | 2019-жылдын декабры 2021-жылдын декабры |
|
| 220,0 | 2320,9 |
|
|
3. ПХД камтыган жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана сактоо | |||||||||||
3.1 | Инвентаризацияло ого кирбей калган ПХД камтыган жабдууларды, материалдарды жана булганган участокторду толугу менен аныктап чыгуу | ПХД камтыган жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыздоо | Айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна ПХДнын тийгизген таасиринин тобокелдигин азайтуу | Экотехинспекция, Токой агенттиги | 2019-жылдын декабры 2022-жылдын декабры | 102,0 |
|
|
|
|
|
3.2 | Булганган жабдууларды жана материалдарды сактоо үчүн атайын жер аныктоо. Булганган жабдууларды жана материалдарды чогултуу жана аларды сактоо үчүн атайын жерге жеткирүү | Экологиялык коопсуз сактоо шарттарын камсыздоо | ПХД менен булганган жабдууларды убактылуу сактоо үчүн атайын жер аныкталды. Бул аянтчага катардан чыккан ПХД камтыган жабдууларды жайгаштыруу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп турат | Токой агенттиги, Экотехинспекция | 2019-жылдын декабры 2024-жылдын декабры | 102,0 |
|
|
|
|
|
4. Өзүнөн-өзү пайда болууну ТОБду кыскартуу | |||||||||||
4.1 | Өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБдун булактарынын жана булганган участокторунун реестрин жүргүзүү жана дайыма толуктап туруу. Булганган участоктордун экологиялык тобокелдиктерин талдоо жана зыянсыздандыруу зарылчылыгын баалоо менен булганган участокторду изилдөө жана картага түшүрүү | Экологиялык контролдоо жүргүзүү. Тазаланган жерлерди андан ары коопсуз пайдаланууну камсыздоо | Өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБ реестрге киргизилди. | Токой агенттиги, ССМ, АЧТӨМ, Экотехинспекция | Жыл сайын | 66,0 |
| 66,0 |
| 66,0 |
|
Булганган участоктор аныкталды жана аларды рекультивациялоо боюнча иштер аткарылды |
|
|
|
| 2060,4 |
|
|
| |||
4.2 | Генерациялануучу булактарда өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБду азайтуу боюнча экологиялык коопсуз ыкмаларды иштеп чыгуу (КММ/ЖКМТ чаралары) | Өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБдун бүркүтүүлөрүн азайтуу, минималдаштыруу | Өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБдун булактарында - ири өнөр жай ишканаларында бүркүтүүлөрдү азайтуу боюнча КММ/ЖКМТ чаралары көрүлдү | Токой агенттиги | Жыл сайын | 132,0 |
|
|
|
|
|
4.3 | Медициналык калдыктарды экологиялык коопсуз башкаруу боюнча чараларды көрүү | Өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБду азайтуу | Медициналык калдыктардан өзүнөн-өзү пайда болуучу ТОБ азайтылды | ССМ, Токой агенттиги, Экотехинспекция | Жыл сайын | 56,0 |
|
|
|
|
|
4.4 | Медициналык мекемелерди автоклав менен кошумча жабдуу | Адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө диоксин менен фурандын жагымсыз таасирин азайтуу | Бардык медициналык мекемелер автоклав менен жабдылды | ССМ, Токой агенттиги | Жыл сайын |
| 6120,0 |
|
|
|
|
4.5 | Бишкек, Ош шаарларынын саркынды сууларынын калдыктарын талдоо жана инвентаризациялоо Алардагы ТОБдун камтуусун азайтуу боюнча чараларды көрүү. Тазалоонун жаңы технологияларын жана системаларын киргизүүгө көмөктөшүү | Адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизүүнү азайтуу | Саркынды суулардын калдыктарына талдоо жүргүзүлдү. ТОБдун камтуусун азайтуу боюнча жаңы технологиялар жана системалар киргизилди | Токой агенттиги, Экотехинспекция | 2019-жылдын декабры 2020-жылдын декабры |
| 944,4 |
|
|
|
|
5. ТОБдун башка булактары | |||||||||||
5.1 | ПБДЭ жана ПФОС камтыган буюмдарды жана материалдарды импорттоону жана пайдаланууну баалоо. Калк үчүн коопсуз альтернативдүү химиялык заттар жана товарлар рыногун изилдөө | Регламенттөөчү чечимдерди кабыл алуу (ПБДЭ жана ПФОС камтыган буюмдарды жана материалдарды пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу) | ПБДЭ жана ПФОС камтыган буюмдарды жана материалдарды пайдаланууга баалоо жүргүзүлдү, аларды импорттоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды | Токой агенттиги | 2019-жылдын декабры 2020-жылдын декабры |
|
| 88,0 | 600,0 |
|
|
6. ТОБго мониторинг жүргүзүү, билим берүү, коомчулукту маалымдоо | |||||||||||
6.1 | Иштеп жаткан адистешкен лабораторияларды аналитикалык контролдоонун заманбап шаймандары менен техникалык жактан кошумча жабдуу. Лабораториялардын жана кызыкдар мамлекеттик органдардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу | Аналитикалык изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу | Адистешкен лабораториялар ТОБду аналитикалык контролдоо боюнча шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалды. | Токой агенттиги, АЧТӨМ, ССМ, Экотехинспекция | Жыл сайын |
| 31025,0 |
|
|
|
|
Лабораториялардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер туруктуу негизде өткөрүлүп турат |
|
|
| 3584,6 |
|
|
|
| |||
6.2 | Адамдардын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн кооптуу химиялык заттардын потенциалдуу тобокелдиги жөнүндө маалыматты даярдоо жана басылмаларды чыгаруу, видео материалдарды көрсөтүү, ЖМКда чагылдыруу | Калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Кооптуу химиялык заттардын потенциалдуу тобокелдиги жөнүндө коомчулукту маалымдоо туруктуу негизде жүргүзүлүп турат | Токой агенттиги, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын декабры 2022-жылдын декабры |
| 1555,1 |
| 902,6 |
| 902,6 |