Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-июлу № 562-т
Химиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 15-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-2030-жылдарга туруктуу органикалык булгоочуулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тартылган министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттөрдө өз убагында аткарууну камсыз кылсын;
2) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Иш-аракеттер планынын иш-чараларын каржылоо ишке тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 248-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
2026-2030-жылдарга туруктуу органикалык булгоочуулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжа/индикатор | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашырууга каражаттар |
1-глава. ПХД камтыган жабдуу менен жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү | ||||||
1 | ПХДны коопсуз башкаруу | ПХД камтыган калдыктарды коопсуз жүгүртүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2027-жыл | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды | ЖРЭТКМ, ССМ, ӨКМ, ЭМ, "КУЭТ" ААК, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
2-глава. ЭПти коопсуз башкаруу | ||||||
2 | ЭПтин запастарын сандык жана сапаттык баалоо, анын ичинде: ЭП менен булганган бардык участокторду аныктоо, участоктордун экологиялык абалын, ЭП менен булганган топурактын көлөмүн баалоо, уулуу химикаттардын жана ТОБдун таасирин аныктоо | "Кыргызайылчарбахимиясынын" мурдагы кампаларындагы ЭПти инвентаризациялоону аяктоо | 2026-2029-жылдар | Кампалардагы ЭПке инвентаризациялоо жүргүзүлдү | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ССМ, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
3 | ЭПтин терс таасиринен айлана- чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу | ЭПти сактоо жана көмүү жайларын коопсуз абалга келтирүү боюнча иш-чараларды аткаруу | 2027-2030-жылдар | ЭПти сактоо жана көмүү жайларын коопсуз абалга келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ССМ, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
4 | ЭПти утилдештирүүнүн натыйжалуу технологияларын жана методдорун изилдөө, үйрөнүү жана ишке киргизүү | Экологиялык коопсуздуктун талаптарына жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ЭПти утилдештирүүнүн оптималдуу методун тандоо | 2026-2030-жылдар | Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын жана кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын талаптарына ылайык ЭПти утилдештирүү технологиясы тандалып алынды | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ССМ | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
5 | Пестициддерди колдонууну кыскартуу жана өсүмдүктөрдү коргоонун туруктуу методдорун илгерилетүү. Пестициддерден көз карандылыкты азайтуу | Өсүмдүктөрдү коргоонун альтернативдүү методдорун ишке киргизүү. Өсүмдүктөрдү коргоонун интеграцияланган системасын илгерилетүү жана ишке киргизүү | 2027-2030-жылдар | Өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык каражаттарын колдонуу көлөмү азайтылды, экологиялык кырдаал жакшыртылды | САЧКӨМ, ЖРЭТКМ | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
3-глава. ПХД камтыган жабдууну коопсуз эксплуатациялоо жана сактоо | ||||||
6 | ПХД камтыган жабдууларды аныктоо | ПХД камтыган жабдууларды жана алар менен байланышкан материалдарды инвентаризациялоо | 2027-2029-жылдар | ПХД камтыган жабдуулардын айлана-чөйрө жана калктын ден соолугу үчүн тийгизген таасиринен тобокелдиктерди азайтуу | ЖРЭТКМ, ЭМ, ССМ, ӨКМ, САЧКӨМ, "КУЭТ" ААК, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу |
7 | Булганган жабдууларды жана материалдарды сактоо үчүн жерди аныктоо. Булганган жабдууларды жана материалдарды чогултуу жана атайын сактоо жайына ташуу | Калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирди алдын алуу максатында ПХД камтыган жабдууну коопсуз сактоо шарттарын камсыз кылуу | 2027-2030-жылдар | Булганган ПХД камтыган жабдууларды убактылуу сактоо үчүн атайын жай аныкталды. ПХД камтыган иштен чыккан жабдууларды бул аянтчага жайгаштыруу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө | ЖРЭТКМ, ЭМ, ССМ, ӨКМ, "КУЭТ" ААК | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
4-глава. Атайылап эмес пайда болгон ТОБду кыскартуу | ||||||
8 | Атайылап эмес пайда болгон ТОБдун булактарынын реестрин жүргүзүү жана аны туруктуу толуктап туруу | Белгиленген иш чөйрөсүндө көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу | Жыл сайын | Атайылап эмес пайда болгон ТОБдун булактарынын реестри жүргүзүлүүдө | ЖРЭТКМ, ССМ, ӨКМ, САЧКӨМ, "КУЭТ" ААК, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
9 | Атайылап эмес өндүрүлгөн ТОБдун чыгууларын азайтуу | Атайылап эмес пайда болгон ТОБду генерациялоочу булактарда азайтуу боюнча коопсуз методдорду иштеп чыгуу (КЭММ/ЖКИМТ) | Жыл сайын | Атайылап эмес пайда болгон ТОБдун булактары аныкталган ишканаларда чыгууларды азайтуу боюнча КЭММ/ЖКИМТ чаралары көрүлдү | ЖРЭТКМ, ССМ, САЧКӨМ, ЭМ, "КУЭТ" ААК, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
10 | Медициналык калдыктардан келип чыккан ТОБдун атайылап эмес чыгууларын азайтуу | Калктын ден соолугуна коркунучту алдын алуу максатында медициналык калдыктарды коопсуз чогултуу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү боюнча чаралардын комплексин көрүү | Жыл сайын | Медициналык калдыктардан келип чыккан ТОБдун атайылап эмес чыгуулары азайтылды | ССМ, ЖРЭТКМ, ЖӨБО | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
5-глава. ПБДЭ жана ПФОБдун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу | ||||||
11 | ПБДЭ жана ПФОБ камтыган буюмдардын таасиринен айлана- чөйрө жана калктын ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтуу | ПБДЭ жана ПФОБ камтыган буюмдардын жана материалдардын импортуна, колдонулушуна жана запастарына баалоо жүргүзүү. Калк үчүн коопсуз альтернативдүү химиялык заттардын жана товарлардын рыногун изилдөө | 2028-2030-жылдар | ПБДЭ жана ПФОБ камтыган товарларды, материалдарды жана буюмдарды колдонууга баалоо жүргүзүлдү, алардын импортун жана колдонулушун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ССМ | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
6-глава. ТОБго мониторинг жүргүзүү, ТОБду аныктоо жаатында техникалык жабдуу, адистерди окутуу, коомчулукка маалымдоо | ||||||
12 | Аналитикалык изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу | Иштеп жаткан адистештирилген лабораторияларды аналитикалык контролдоонун заманбап приборлору менен техникалык жактан жеткире жабдуу. Лабораториялардын жана кызыкдар органдардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу | Жыл сайын | Адистештирилген лабораториялар ТОБго аналитикалык контроль жүргүзүү үчүн приборлор жана жабдуу менен жабдылды. Лабораториялардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө | САЧКӨМ, ССМ, ЖРЭТКМ | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |
13 | ЭПти башкарууда жана утилдештирүүдө маалымдуулукту, билим берүү деңгээлин, потенциалды жогорулатуу | ЭПти коопсуз жүгүртүү жана аларды утилдештирүү боюнча билим берүү программаларын жана маалыматтык кампанияларды өткөрүү | 2026-2030-жылдар | ЭП коркунучтары тууралуу маалымат берүү жана аларды коопсуз башкаруу маселелери боюнча семинарлар өткөрүлдү | ЖРЭТКМ, ССМ, САЧКӨМ | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин жана донордук каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын эксперттик колдоосун тартуу менен |