Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-июлу № 251-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык кеңешинин ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык кеңешинин ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Швейцариянын Федералдык кеңешинин атынан SЕСО Экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылык,
Эки мамлекетти экономикалык өнүктүрүү үчүн экономикалык кызматташуунун өзгөчө маанилүү экендигин таануу менен,
Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Күн тартибине, атап айтканда "Таза суу жана санитария" деген 6-максатына ылайык,
Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди эске алуу менен,
Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды андан ары чыңдоого жана үзүрлүү экономикалык кызматташууга көмөк көрсөтүүгө ниеттенүү менен,
Мындан ары "ЕРӨБ" деп аталуучу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан администрацияланган жана ЕРӨБ менен Швейцариянын Федералдык кеңеши тарабынан каржыланган мындан ары "Долбоор" катары эскериле турган "Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоорунун экономикалык өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу мүнөзүн эске алуу менен. Бул максатта Швейцариянын Федералдык кеңеши ушул Меморандумда "Салым" деп аталуучу кайтарымсыз салым берүүгө ниеттенүүдө. Салымды администрациялоо жана төлөп берүү мындан ары "Кызматташуу жөнүндө макулдашуу" деп аталуучу Швейцария Конфедерациясы менен ЕРӨБдүн ортосунда 05.12.2017-жылы түзүлгөн Каракол шаары боюнча ЕРӨБ - SЕСО суу-техникалык кызматташуусу жөнүндө макулдашууда белгиленген,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демократиялык шарттарда рыноктук экономиканы түзүү максатында реформаларды жүргүзүү жолун жолдогонун колдоо иретинде,
Мындан ары "Алкактык макулдашуу" деп аталуучу 23.10.2002-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жана финансылык кызматташуу жана гуманитардык жардам жөнүндө макулдашуунун негизинде,
(i) Корпоративдик өнүктүрүү программасын жана кызыкдар тараптардын катышуу программасына (ii) Долбоорду ишке ашырууну жана инженердик кызматтарды колдоо программасына, жана (iii) Долбоорду иш жүзүндө куруу жана жабдуу программасына кирген максаттарда ЕРӨБдүн Долбоорунун колдоо көрсөтүү шарттарын камтыган макулдашууларга ылайык. Бул төмөндөгү макулдашуулар: i) Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБдүн ортосундагы Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын калыбына келтирүү боюнча кредиттик макулдашуу; ii) Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү үчүн SЕСО Экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылыгы тарабынан берилген Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана "Водоканал" Каракол муниципалдык ишканасынын жана ЕРӨБдүн ортосундагы гранттык макулдашуу; iii) "Водоканал" Каракол муниципалдык ишканасынын жана ЕРӨБдүн ортосундагы Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү боюнча долбоор жөнүндө макулдашуу; iv) Каракол шаары менен ЕРӨБдүн ортосундагы Долбоорду колдоо жөнүндө макулдашуу. Бул төрт макулдашуу мындан ары "Карыздар жана техникалык кызматташуу боюнча гранттар жөнүндө макулдашуулар" катары эскерилет, алардын бардыгы 21.12.2018-жылы түзүлгөн. "Водоканал" муниципалдык ишканасы ушул документте "бенефициар" деп аталат.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кызматташуу боюнча колдонмо катары кол коюуга ниеттенип,
Төмөнкүлөр боюнча түшүнүшүүгө жетишти:
1-параграф: Швейцариялык салым
1. Ден соолуктун абалын жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга түрткү берүүчү Каракол шаарынын калкы үчүн суу менен жабдуунун ишенимдүү жана туруктуу кызмат көрсөтүүнү колдоо максатында, Швейцариянын Федералдык кеңеши Долбоорду ЕРӨБдө 5724000 евро максималдуу өлчөмдөгү кайтарымсыз салым менен колдоого ниеттенет. Бул салымга ылайык капиталдык чыгымдар үчүн гранттык каржылоо катары жалпысынан 4500000 евро (төрт миллион беш жүз миң евро) суммасы жана Корпоративдик өнүктүрүү программасы жана кызыкдар тараптардын катышуусу, ошондой эле Долбоорду ишке ашырууну колдоо үчүн 1224000 евро (бир миллион эки жүз жыйырма төрт миң евро) каралган.
2. Салым түздөн-түз ЕРӨБгө төлөнөт, ага аны администрациялоо тапшырылган.
3. Салым эки Тараптан ЕРӨБ администрациялоочу Долбоорду тең каржылоонун ажырагыс бөлүгү катары каралат.
2-параграф: Швейцариялык салымдын шарттары
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Долбоордун иши менен байланышкан айрым муниципалитеттердеги өзүнүн ишин талаптагыдай координациялоону камсыздоого болгон ниети тууралуу билдирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана күтүлбөгөн коркунуч жаратуучу окуялар келип чыккан учурда кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон жардам көрсөтүүгө ниеттенет.
3. Швейцариялык салымдын ачыктыгын камсыздоо үчүн коомчулук менен байланыштар боюнча бардык материалдар жана Долбоордун алкагында даярдалган бардык документтер Долбоор Швейцариянын Федералдык кеңеши тарабынан кошо каржыланып жаткан фактыга берилген шилтемени камтыйт жана Швейцариянын Федералдык кеңешинин логотибин чагылдырат. Андан тышкары Swiss Contribution курулуш аянтчаларына жайгаштырылган жарнамалык тактачаларда белгиленет.
3-параграф: Салымды администрациялоо
1. ЕРӨБ салымды Кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык башкарат. SЕСО Экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылыктын атынан ЕРӨБ салым менен байланышкан бардык администрациялык жана көзөмөлдөө функцияларын аткарат, анын ичинде мониторинг, отчеттуулук жана баалоо, ошондой эле подрядчыларга жана консультанттарга акы төлөөнү ишке ашырат.
2. Карыз жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуулар, ошондой эле Кызматташуу жөнүндө макулдашуу Долбоорду башкаруу жана ишке ашырууну, ошондой эле Салымды пайдаланууну жөнгө салат.
4-параграф: Көзөмөлдөө жана кеңеш берүү
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, SЕСО Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылык жана ЕРӨБ Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө пикирлер менен үзгүлтүксүз алмашып турат.
2. Катышуучулар иш жүзүндө канчалык мүмкүн болсо ошончо деңгээлде бири-бирине токтоосуз маалымат берүү жана Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ийгиликтүү ишке ашырууга тоскоол болгон же коркунуч келтирген каалагандай окуя боюнча бири-бири менен кеңешүү жөнүндө өздөрүнүн ниеттери тууралуу билдиришет.
5-параграф: Коррупцияга каршы эскертүү
Катышуучулар өнүгүү үчүн зарыл болгон ресурстарды башкаруу жана туура эмес пайдалануу коркунучун келтирген, андан тышкары баага жана сапатка негизделген адилеттүү жана ачык атаандаштыкка коркунуч туудурган коррупцияга каршы күрөшүүдөгү жалпы тынчсызданууну билдиришет. Ошондуктан алар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өздөрүнүн аракеттерин бириктирүү ниети тууралуу билдиришет, атап айтканда Долбоорду аткаруу учурунда мандатка же контрактка ыйгаруу максатында ким тарабынан болбосун түз же кыйыр жасалган кайсы гана сунуш, белек, төлөм, сый акы болбосун же кандай гана пайда болбосун мыйзамсыз акт же коррупциялык практика катары карала тургандыгын билдиришет.
6-параграф: Корутунду жоболор
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Тараптардын ортосундагы кандайдыр бир юридикалык жактан милдеттендирген милдеттенме түзүүгө арналган эмес жана Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн учурга карата ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум 2019-жылдын ___________________________ ____________________ түзүлдү.
Эки түп нускага кыргыз, англис жана орус тилдеринде кол коюлду. Бардык тексттер бирдей. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Швейцариянын Федералдык кеңешинин атынан |
____________________________ |
| ____________________________ |
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |