Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-июну, № 242-б
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2019-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 476-б буйругунун алкагында бөлүнгөн жана үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен чыгымдарды каржылоону камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |