Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2019-жылдын 26-июну, № 77
Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы «Спутник шаарчасы» турак жай комплексин куруу долборун ишке ашыруу маселесин ар тараптан изилдөө жана кароо максатында:
1. Чуй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы «Спутник шаарчасы» турак жай комплексин куруу долборун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруу маселесин ар тараптан изилдөө жана кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө:
- Долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жана мамлекеттик кепилдиксиз тике инвестициялар түрүндө акча каражаттарын тартуу мүмкүндүгү боюнча маселени карасын;
- ушул маселени кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына конкреттүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылдыгына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты берип турушсун жана анын ишине ар тараптан комок көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу чыгып кеткен учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтө тургандыгы белгиленсин.
7. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси жана жетекчисинин орун басары ушул буйрукту сапаттуу жана өз убагында аткарууга жеке жоопкерчилик белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2019-жылдын 8-майындагы № 47 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
С.А.Кылжыев
|
Тиркеме
Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы «Спутник шаарчасы» турак жай комплексин куруу долборун ишке ашыруу маселесин ар тараптан изилдөө жана кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Адилбек уулу Шумкарбек
| Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич
| Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин торагасынын орун басары; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Джусупбеков Бакытбек Асанбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Аширбаев Элкинбек Токтогонович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Азыгалиев Уланбек Шайлообекович | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Сатывалдиев Асылбек Владимирович | Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Жээналиев Жалын Муратбекович
| Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Куданалиев Эмил Темирбекович
| «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Мурат Асангазиевич
| «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сейдалиев Адылет Айтбекович
| Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).
|