Редакцияот 11.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 11-июлу № 261-б

1. 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Долбоор

2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,

2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 8-беренесин жетекчиликке алуу менен,

Тараптардын мамлекеттеринин миграция жана жол жүрүү документтерин бир түргө келтирүү жаатындагы өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүүгө кызыкдарлыгынын өсүүсүн белгилеп,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Макулдашуунун 4-беренесинин 7-пункттары Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы үчүн алып салынсын.

2-берене.

Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.

3-берене.

Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

20___-жылдын "____"-______________ _______________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Тексттерди чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

_____________________________________

 

_____________________________________