Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-июлу ПБ № 138
1. Кыргыз Республикасы менен Вануату Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Вануату Республикасы ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Вануату Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө жардам көрсөтүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерине жана максаттарына, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоо жана бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөсүн тийиштүү деңгээлде урматтоо принциптерин жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндөгү Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды Элчилердин деңгээлинде түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү мамлекеттер тарабынан тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдериндеги Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Биргелешкен коммюникенин жоболорун талкулоодо кайчы пикирлер жаралган учурда, англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
____________шаарында 2019-жылдын «____» -____________аткарылган.
Кыргыз Республикасы үчүн Вануату Республикасы үчүн
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |