Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-июлу № 279-б
Кыргыз Республикасынын экономикалык диверсификациялоону алдыга жылдыруу программасынын 1-чакан программасын ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын экономикалык диверсификациялоону алдыга жылдыруу программасынын 1-чакан программасын ишке ашыруунун алкагында гранттык каражаттарды алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ 2019-жылдын 29-июлунда Азия өнүктүрүү банкы менен гранттык каражаттарды алуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын экономикалык диверсификациялоону алдыга жылдыруу программасынын 1-чакан программасын ишке ашыруунун алкагында гранттык каражаттарды алуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун КУРАМЫ
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчиси; |
Абдыбалы тегин Сүйөркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Каратаев Мадамин Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Ташболотов Максатбек Ташболотович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Жылышбаев Максат Нурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Туманов Токтогул Туманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору; |
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору; |
Кожобаев Азамат Туратбекович | - | "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Токтоматов Нурмамбет Талгатович | - | "Кыргыз Республикасынын экономикалык диверсификациялоо программасын колдоо" техникалык жардамынын консультанттар тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |