Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6 - августу № 293-б
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин l-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 токтому менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөөнүн суммасынан алынган кирешенин эсебинен 2 443 734 (эки миллион төрт жүз кырк үч миң жети жүз отуз төрт) сом суммасындагы акча каражатын мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган киреше катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазпев |