Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 2- августу № 290-б
«Улуттук суу ресурстарын башкаруу» долбоорун кошумча каржылоо үчүн сунушталып жаткан грант боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. «Улуттук суу ресурстарын башкаруу» долбоорун кошумча каржылоо үчүн сунушталып жаткан грант боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-августунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
«Улуттук суу ресурстарын башкаруу» долбоорун кошумча каржылоо үчүн сунушталып жаткан грант боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы
Чодуев Э.У. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, делегациянын жетекчиси; |
Айнакулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Абдыбалы тегин С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джолдошалиев И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары; |
Асанов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы жардамдын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кыдырмышев Т.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясат талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин экинчи катчысы. |