Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-июлу № 276-б
Бишкек шаарында 2019-жылдын 1-2-августунда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү системаларын жакшыртуу" жана "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү системаларын жакшыртуу" долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколдоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын башчысы; |
Алимбеков Нурбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Сыдыков Бакыт Төлөмүшевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялар жана жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Умтулов Нурлан Джумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Акынбеков Алмаз Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Эсеналиев Нарматалы Мамбеталиевич | - | Кербен шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Хамраев Абдивали Набиевич | - | Исфана шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Токтомушев Мамадалы Мырзашевич | - | "Кербен суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Каримов Алаберди Асанович | - | "Исфана Таза-суу" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |