Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-июлу № 270-б
Камбар-Ата ГЭС-2ни коопсуз пайдаланууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын каржылоо долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Камбар-Ата 2 ГЭСин пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын Планын финансылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, расмий делегациянын башчысы. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Кыдыралиев Үмбеталы Токторалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Примов Улан Бердибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Бюджет жана финансылар боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сабиров Максат Эсенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абдыбалы тегин Сүйөркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Рыспеков Арсен Арзыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Айдарова Миргүл Мырзагелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Алмакунов Азамат Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Орозоев Улан Эсенбаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |