Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 2-июлу № 244-б
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Санарип экономикага 2019-жылга карата 309 257 245 (үч жүз тогуз миллион эки жүз элүү жети миң эки жүз кырк беш) сом өлчөмүндөгү финансылык каражатты бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;
- ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды программалык классификацияга белгиленген тартипте киргизсин;
- ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор ушул буйрукка ылайык бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылышсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Санарип экономикага 2019-жылга карата 309 257 245 (үч жүз тогуз миллион эки жүз элүү жети миң эки жүз кырк беш) сом өлчөмүндөгү финансылык каражатын бөлүштүрүү
№ | Долбоордун/иш-чаранын аталышы | Каржылоонун суммасы (сом) | Финансы каражатын алуучу |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйү үчүн видео-конференц-байланыш системасын сатып алуу | 4 200 000 | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы |
2 | Улуттук мониторинг системасынын ишин камсыз кылуу үчүн жабдууну сатып алуу | 1 500 000 | |
3 | «Шайкештигин баалоо боюнча органдардын улуттук реестрлерин жүргүзүү» маалыматтык системасын түзүү | 1 575 000 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
4 | «Техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар» маалыматтык системасын түзүү | 1 540 000 | |
5 | «Стандартташтыруу жана метрология борбору» маалыматтык системасын түзүү | 900 000 | |
6 | 2019-2020-жылдарга виртуалдык серверлерин ижаралоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 744 000 | |
7 | Банкроттуулук жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү реестри үчүн маалыматтык системаны түзүү (банкрот болгон карызкорлордун маалыматтык базалары) | 500 000 | |
8 | «Электрондук нотариат» маалыматтык системасын | 7 352 574 | Кыргыз Республикасынын |
| ишке киргизүү үчүн иш техникасын жана сервердик жабдуу сатып алуу |
| Юстиция министрлиги |
9 | «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулуу менен психикалык жана наркологиялык жактан жабыркаган оорулуулардын реестрлери | 6 130 000 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
10 | «Амбулатордук электрондук медициналык карта» маалыматтык системасын түзүү жана бейтаптар үчүн Бишкек шаарында электрондук портал түзүп, аны ишке киргизүү, иш техникасын сатып алуу | 17 453 414 | |
11 | Негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн жана орто (толук) жалпы билими жөнүндө аттестаттардын маалыматтык базасын түзүү | 300 000 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
12 | «Жалпы билим берүу уюмдарына электрондук жазылуу» маалыматтык системасын түзүү | 480 000 | |
13 | «Кыргызстандын ачык электрондук китепканасы» (lib.kg) системасын модернизациялоо | 250 000 | |
14 | Электрондук окуу китептердин стандарттарын иштеп чыгуу | 200 000 | |
15 | «ЭЛЕК» маалыматтык системасын «АРГУС ФИТО» (Евразия экономикалык бирлиги) менен интеграциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 1 625 000 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
16 | Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берүү боюнча иш техникасын сатып алуу | 200 000 |