Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-марты, № 105-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Болгария Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ МЕНЕН БОЛГАРИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Болгария Республикасынын Башкы прокуратурасы кызматташууну жана ез ара достук мамилени чындоо максатында, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты.
1- берене
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жана тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык, өз ара өнүгүүгө жетишүү үчүн кызматташат.
2- берене
Тараптар бири-бирине укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык суроо-талаптарды натыйжалуу жана өз убагында аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшөт.
3- берене
Тараптар тажрыйба жана маалыматты натыйжалуу алмашуу үчүн кызматтык байланышты жана мамилени енүктүрүшөт.
4- берене
Тараптар биргелешкен семинарларды, окуу программаларын, өз ара визиттерди өткөрүү жолу менен эл аралык кызматташтыкка шарт түзүшөт.
Өз ара визиттерди уюштурууга чыгымдарды, тажрыйба алмашуу программаларын жана окутуу предметтерин Тараптар иш процессинин алкагында макулдашат.
5- берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптар бири-бири менен түз байланышат, мында дипломатиялык каналдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбайт.
6-берене
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланышкан кандайдыр бир талаш-тартыштар жана келишпестиктер жаралган учурда, Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлешүүлердү жүргүзүү жолу менен чечишет.
7-берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүтү болуп саналуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене
Бул Меморандум Тараптардын алар катышуучусу болгон эки тараптуу жана көп тараптуу башка келишимдери боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
9-берене
Бул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Меморандум Тараптардын бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу кат жүзүнде Меморандумдун аракетин токтотуу ниети жөнүндө билдиргенге чейин күчүндө болот. Мындай учурда бул Меморандум билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өзүнүн аракетин токтотот.
______________шаарында 2018-жылдын "____________"____________ ар бири
кыргыз, болгар, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө келишпестиктер болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Тараптар түз байланышуу үчүн төмөнкү даректерди жана байланыш каражаттарын колдонушат:
Кыргыз Тарап: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; Дареги: Бишкек ш., Токтоналиев кечөсү, 139; Тел/Факс: +996 312 54 28 75; +996 312 54 28 65; e-mail: press@prokuror.kg Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жолдубаева Индира Ырысбаевна
| Болгар Тарап: Болгария Республикасынын Башкы прокуратурасы; Дареги: София ш., Витоша булвары 2; Тел/Факс: 0035929885895; e-mail: mpp vkp@prb.bg Болгария Республикасынын Башкы прокурору Сотир Цацаров
|