Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели №29/1
Маданият үйүнүн директорунун, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдык китепканаларынын башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 14-пунктуна таянып, маданият үйүнүн директорунун Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директорунун жана Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылындагы китепкана башчылары тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Китепканалардын, маданият үйүнүн ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүп, жашылдандыруу маданият үйүнүн алдына гүл бакчаларды тигүү, даталуу күндөрдө майрамдык кечелерди уюштуруу маданият үйүнүн директору Калыкова Жигдегүлгө, китепкана башчылары Анара Камбаровага жана Махпураткан Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. Китеп окурмандарды, мектеп окуучуларын китепканага тартуу жана китепкананы жаңы китеп фонддору менен толуктоо китепкана башчылары А.Камбаровага, М.Бекмаматовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |