Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели №29/2
Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Кариева Аиданын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Кариева Аиданын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Кариева Аиданын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы, ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Акмөндүр Орозалиевге жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |