Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 20- августу № 304-б

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерди иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча сунушталган Кредиттик макулдашуу жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерди иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча сунушталган Кредиттик макулдашуу жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен Бишкек шаарында 2019-жылдын 21-22-августунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине өткөрүлгөн сүйлешүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

 

Тиркеме

"Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерди иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча сунушталган Кредиттик макулдашуу жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын

курамы

 

Чодуев Эркинбек Урайымович

 

-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, расмий делегация башчысы;

 

Айнакулов Мухтарбек Айнакулович

 

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору;

 

Абдыбалы тегин Суеркул

 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

 

Ахматов Султан Маматович

 

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

 

Карагулов Азамат Омарбаевич

 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин бөлүм башчысы.