Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 14-августу № 299-б
Бишкек шаарында 2019-жылдын 14-15-августунда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Көп секторлуу ишке бир аз колдоо көрсөтүү - Кыргыз Республикасында азыраак сарптоолорду каржылоо механизми" долбоорун каржылоо жөнүндө маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Таштаналиев Кокумбек Джумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Абдыбалы тегин Сүйөркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Сыдыков Бакыт Төлөмүшевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Маматов Нурат Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык бажылык жана салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы; |
Умтулов Нурлан Джумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методологиясы башкармалыгынын начальниги; |
Сатыбалдиева Аида Туратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси; |
Акынбеков Алмаз Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Топчубаев Асылбек Аманович | - | Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Кокочаров Дөөлөтбек Курманбекович | - | "Ош суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |