Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2019-жылдын 31-январы № 11
Мамлекеттик органдар менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселесин изилдөө жана борбор шаарды өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча маалымат даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топко Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын адистерин, тиешелүү чөйрөдөгү көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү жумушчу топтун ишине уюштуруучулук жана методикалык жетекчиликти камсыз кылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Ш.Асымбеков |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик органдар менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселесин изилдөө жана борбор шаарды өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топтун КУРАМЫ
Алиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Алыкулов Р.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Урманбетов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору; |
Кубанычбеков Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн эксперти; |
Шамеев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча башкармалыктын начальниги; |
Кучкачова Л.С. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Калдаралиев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнө бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын уюштуруу иштер бөлүмүнүн кадр иштери боюнча секторунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин камсыздоо тобунун жетектөөчү адиси; |
Чандыбаева А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Бакиров А. | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун эксперттик кеңешинин мүчөсү. |