Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 21- августу № 305-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Программалык кеңсесинин арызынын негизинде төмөнкү автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын:
- 2012-жылы чыккан, кыймылдаткычынын № САА447106, кузовунун № WV2ZZZ7HZCH136740, кыймылдаткычынын көлөмү 1968 см3, ак түстөгү, «Фольксваген Транспортер» маркасындагы автомобилди;
- 2011-жылы чыккан, кыймылдаткычынын № САА143655, кузовунун № WV2ZZZ7HZBH089066, кыймылдаткычынын көлөмү 1968 см3, ак түстөгү, «Фольксваген Т5» маркасындагы автомобилди.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда керсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте каттасын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |