Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-августу № 318-б
Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүучүлөрүн агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү жаңы техникалар жана инновациялык технологиялар менен тааныштыруу, айыл чарба техникаларын сатуу рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2019-жылдын 25-27-сентябрында Бишкек шаарынын эски аянтында «АгроТехЭкспо - 2019» республикалык көргөзмөсү (мындан ары - көргөзмө) өткөрүлсүн.
2. Көргөзмөнү өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, «Айыл Банк» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) көргөзмөнү өз убагында даярдоодо жана өткөрүүдө жооптуу органдар болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- ата мекендик жана чет өлкөлүк айыл чарба техникаларынын, машиналардын жана кайра иштетүүчү өнөр жай жабдууларынын, ошондой эле жаңы технологиялардын сатуучулары жана өндүрүүчүлөрү менен бирдикте көргөзмө иштерин уюштурсун;
- көргөзмөгө катышуучулардын тизмесин түзүүнү, экспоненттерди каттоону, өз продукцияларын көрсөтүү үчүн аларга Эски аянтка жайгаштыруу орундарын бөлүштүрүүнү камсыздасын;
- көргөзмөнү өткөрүү чыгымдары демөөрчүлүк жардамдардын жана көргөзмөгө катышуучулардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн эсебинен төлөнсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чет элдик сатуучулар тарабынан айыл чарба техникаларын, машина жана жабдууларды Кыргыз Республикасына алып кирүүдө бажы операцияларын жүргүзүүнү камсыз кылсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) күн сайын тазалыкты жана таштандыларды чыгарууну, коомдук тамактанууга
суусундуктарды жана сувенирлерди сатуу үчүн соода аянттарын уюштурууга көмөктөшсүн.
7. «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте өткөрүлүүчү көргөзмө тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана көргөзмөгө катышууну каалагандардын санын аныктасын;
- айыл чарба техникаларын, машина жана жабдууларды лизингдик кредиттөөнүн презентациясын өткөрсүн, көргөзмөнүн катышуучуларын жана келгендерди техниканын лизинги жана кредиттик линиялардын шарттары жөнүндө маалыматтык материалдар менен камсыздасын.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги көргөзмөнүн коопсуздугун жана кайтарууну камсыздасын, көргөзмөнүн аймагына чектеш көчөлөргө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүүнү уюштурсун, ошондой эле жеткирип берүүчүлөрдүн өтүнүчтөрү боюнча көргөзмө боло турган жерге айыл чарба техникаларынын колоннасын коштоп барууда көмөктөшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору көргөзмөнү даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу комитетине көмөк көрсөтүшсүн.
10. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Бишкек шаарында «АгроТехЭкспо - 2019» республикалык көргөзмөсүн 2019-жылдын 25-27-сентябрында өткөрүү боюнча уюштуруу комитети
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бишкек шаарынын вице-мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
«Айыл-Банк» ачык акционердик коомунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо департаментинин директору;
«Аталык Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).