КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 22-августу № 315-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2012-жылы чыккан, кузовунун № JN8FY15Y0CX590921, кыймылдаткычтын көлөмү 4200 см3 ак түстөгү «NISSAN PATROL» маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын жана бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |