Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-августу № 319-б
Туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде Иш-чаралар планына ылайык туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампанияны жүргүзүүгө карата тиешелүү чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин;
- 2020-жылдын 15-январына чейин туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампанияны жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан тышкары, Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде каралган финансы каражаттарынын алкагында ишке ашырыла тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүүгө байланышкан чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен, "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 1500 даана санда акысыз негизде берилүүчү туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланктарын пайдалануу менен жүргүзүлө тургандыгы;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк акысыз негизде бериле тургандыгы.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү |
1 | Калк арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарын пайдалануу менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды документтештирүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүү | ЭСӨМ, ММТМ, ЭлТР, КТРК (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
2 | Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды андан ары документтештирүү үчүн үй-бүлөлөрдү үймө-үй текшерүү жолу менен аныктоо | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
3 | Туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдардын актуалдаштырылган тизмесин түзүү | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
4 | Жоголгонуна байланыштуу туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын тизмесин түзүү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, Мамкатгоо, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
5. | Туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү үчүн жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте баланын туулгандыгы тууралуу маалым каттардын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилиши | ССМ | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
6 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн балдарды туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү жөнүндө суроо-талапты чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү | Мамкаттоо, ТИМ | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
7 | Балдардын жашаган жерине баруу менен, ЭСӨМ тарабынан берилген актуалдаштырылган тизменин негизинде туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоосу жок балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү | Мамкаттоо, ЭСӨМ, Мамкаттоо алдындагы "Инфоком" МИ | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
8 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жоголгонуна байланыштуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайрадан алууда ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) жардам жана колдоо көрсөтүү | ЭСӨМ, Мамкаттоо, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Мамкаттоо алдындагы "Инфоком" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |