Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 2-сентябры № 322-б
Бишкек шаарында 2019-жылдын 3-4-сентябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Таштаналиев Кокумбек Джумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Абдыбалы тегин Сүйеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Умтулов Нурлан Джумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Артыкбаева Нази Адилбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин Евразия экономикалык бирлиги менен иштөө боюнча сектор башчысы; |
Маматов Нурат Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык бажылык жана салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы; |
Акынбеков Алмаз Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору. |