Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-сентябры, № 330-б
Республикалык бюджетте эл аралык милдеттенмелерди аткарууга каралган каражаттарды бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2019-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеси (мындан ары-Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Тизмеге киргизилген эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин каражатынан төлөсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |