Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-сентябры № 334-б
2019-жылдын 13-сентябрында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүүчү Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 83-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Тиркеме
Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 83-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын
Курамы
Асанкожоева Зина Мукаевна
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы; |
Джунушалиев Туратбек Эсенгулович
| Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев
|