Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-сентябры № 337-б
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (Бишкек шаарындагы Программалык офиси) арызынын негизинде «Nissan PatroL маркасындагы 2011-жылы чыгарылган, сериялык № JN1TFSY61Z0559548, инвентаризациялык № 000000044453, кыймылдаткычынын көлөмү 4,7 см3, ак түстөгү автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсун.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |