Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-августу № 276-б
Кыргыз Республикасында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды даярдоону камсыз кылуу максатында, ''Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн алып келинген товарларды "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемеси берген тизмекке ылайык товарларды чыгарууга байланышкан аракеттерди жасоо үчүн бажы жыйымдарын төлеөдөн бошотуу менен "убактылуу алып келүү (уруксат кылуу)" бажы жол-жобосуна жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзсүн.
2. "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемеси III Дүйнөлүк көчмөңдөр оюндары башталганга чейин, 10 жумуш күндөн кечиктирбей III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алып келинүүчү товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жиберсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |