Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-сентябры № 337-б
Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |