КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-сентябры № 354-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ЕККҮнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин арызынын негизинде LASERJET ENTERPRAISE М750 ХН маркасындагы HP түстүү 2 принтерди жана видеоконференция үчүн HDX 8000 маркасындагы POLICOM жабдуусун белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган түстүү принтерлерди жана видеоконференция үчүн жабдууну белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган түстүү принтерлерди жана видеоконференция үчүн жабдууну белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |