Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 25-сентябры № 357-б
1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча бирдей мамилелерди колдонуу жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколду токтотуу тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча бирдей мамилелерди колдонуу жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколду токтотуу тууралуу
протокол
1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча бирдей мамилелерди колдонуу жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколго катышуучу мамлекеттердин өкмөттөрү,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
Тараптар 1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча бирдей мамилелерди колдонуу жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протокол токтотулду деп эсептешет.
2- берене
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Тараптар тарабынан аткарылгандыгы тууралуу акыркы билдирмени депозитарий алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин, Өкмөт башчыларынын кеңешинин, Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жана Экономикалык кеңешинин Жол-жоболор эрежелеринин 7-эрежесинин 9-пунктунда белгиленген тартипте орус тилинде түзүлдү.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Армения Республикасынын Өкмөтү үчүн Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Украинанын Өкмөтү үчүн
Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн