Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 25-сентябры № 358-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасы,
эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алуу менен,
адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган аракеттерге өзгөчө маани берүү менен,
кылмыштуулук, өзгөчө анын уюштурулган формалары менен күрөшүүдө прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен,
өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү эң натыйжалуу ыкма менен өнүктүрүү жаатында Тараптардын эки тараптуу умтулуусуна негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1- берене
Тараптар өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып баруу жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарын жана Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерди сактоо менен ушул Макулдашууга ылайык кызматташтыкты жүзөге ашырышат.
2- берене
1. Тараптар төмөнкү негизги багыттар боюнча кызматташат:
- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу;
- кылмыштуулук, анын ичинде анын уюштурулган формалары менен, терроризм, коррупция, адамдарды жана адамдардын органдарын сатуу, куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен, экономика жана жогорку технологиялар (киберкылмыштуулук) жаатындагы кылмыштар менен, ошондой эле коомчулук үчүн өтө коркунуч жараткан кылмыштардын башка түрлөрү менен күрөшүү;
- прокурордук иш практикасы жөнүндө материалдарды алмашуу;
прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин кадрларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча илимий-изилдөө иштери.
2. Кылмышкерлерди өткөрүп берүү жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү маселелериндеги өз ара аракеттенүү Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерде каралган тартипте ишке ашырылат.
3- берене
Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринин жоболорун аткаруу максатында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
- Тараптардын ишинин маселелери боюнча, анын ичинде адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында кылмыштуулуктун тенденциялары жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
- өз ара кызыкчылык жараткан, анын ичинде эл аралык уюмдарда жана форумдарда талкууга чыгарылган маселелер боюнча консультация өткөрүү;
тааныштыруу иш сапарларын, стажировкаларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен иш тажрыйбаны алмашуу;
жеке жана юридикалык жактардын арыздары менен кайрылууларын кароодо жана чечүүдө көмөк көрсөтүү;
- биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү.
4- берене
1. Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык кызыкдар болгон Тараптын көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талабынын (мындан ары - суроо-талап) негизинде же сунушталган көмөк көрсөтүү же биргелешкен иш-чара башка Тарап үчүн кызыкчылык жаратат деп эсептеген Тараптын демилгеси боюнча ишке ашырылат.
2. Суроо-талапка суратуучу Тараптын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам кол коёт.
3. Суроо-талап жазуу жүзүндө жиберилет, кечиктирилгис учурларда текстти берүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануу менен суроо-талапты кийин почта аркылуу жиберүү аркылуу берилиши мүмкүн.
5-берене
Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптар укуктук статистика жана эсепке алуу жаатында кызматташат:
ушул чөйрөдө өз ара жардам көрсөтүшөт;
практикалык тажрыйба, статистикалык маалыматтарды, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен жыйноонун жана иштеп чыгуунун заманбап методдору жөнүндө маалыматтар, прокурордук көзөмөлдү ишке ашыруу методдору жана укук колдонуу практикасы жөнүндө маалыматтарды алмашышат;
жазык-укуктук статистика жана эсепке алуу жаатында өз ара квалификацияны жогорулатууну ишке ашырышат;
кылмыштуулуктун абалы жөнүндө статистикалык маалыматты белгиленген тартипте беришет.
6- берене
1. Суратуучу Тарап суроо-талаптын бат жана толук аткарылышын камсыздоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
2. Суроо-талапты аткарууда суратуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
3. Суралуучу Тарап суроо-талапты аткарууда тоскоолдук жаратып жаткан же аны аткарууну кыйла кечиктирип жаткан жагдайлар тууралуу кечиктирилбестен кабарланат.
4. Суратуучу Тарап өзүнүн пикири боюнча суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
5. Суратуучу Тарап мүмкүн болгон кыска мөөнөттө суроо-талаптын аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө суралуучу Тарапка маалымдайт.
7- берене
Эгерде суратуучу Тарап суроо-талапты аткаруу өз мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн деп эсептесе же мамлекетинин улуттук мыйзамдарына же эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келсе, суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн. Мындай баш тартуунун себептери жөнүндө суралуучу Тарап жазуу жүзүндө кабарланат.
8- берене
1. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун алкагында башка Тараптан алган жана купуялуулукту сактоо шартында берилген маалыматтар менен документтердин купуялуулугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
2. Тараптардын ар бири өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык башка Тарап өтүнгөн купуялуулуктун деңгээлин камсыз кылат.
3. Суралуучу Тараптан алынган маалыматтар менен документтерди суроо-талапта көрсөтүлгөндөн башка максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
9- берене
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташтык боюнча иш-чараларын координациялоо — түздөн-түз бири-бири менен байланыша алган Тараптардын төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлөт:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тараптан - Эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгы: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көч. 139,
тел.:+(996 312) 54-28-75
факс: +(996 312) 54-28-65
e-mail: Department16 @prokuror.kg
Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасы тараптан -Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Эл аралык кызматташтык департаменти:
Казакстан Республикасы,
010000, Hyp-Султан шаары, Мэңгiлiк Ел даңгылы, 14
тел.:+ 7(7172) 71-26-76
факс:+ 7(7172) 71-29-63
e-mail: 7172891 @prokuror.kz
2. Жогоруда аталган түзүмдүк бөлүмдөр же алардын байланыш маалыматтары өзгөргөн учурларда, Тараптар кечиктирбестен бири-бирине бул тууралуу кабарлашат.
10- берене
Тараптардын өкүлдөрү ушул Макулдашуунун негизинде кызматташтыкты бекемдөө жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жумушчу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүшөт.
11- берене
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаган болсо, Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды өз алдынча тартышат.
12- берене
Тараптар ушул Макулдашуунун негизинде кызматташууда жана өз ара аракеттенүүдө орус тилин колдонушат, эгерде башка тууралуу макулдашылбаса.
13- берене
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктар менен милдеттенмелерди козгобойт.
14- берене
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан карама-каршылыктар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
15 -берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделүүчү, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
16-берене
1. Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тараптардын бири анын ишин токтотуу чечими жөнүндө бир Тараптан жазуу жүзүндөгү кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күн өткөндөн кийин ушул Макулдашуу өз ишин токтотот.
3. Ушул Макулдашуунун ишин токтотуу анын иштөө мезгилинде Тараптар үчүн пайда болгон милдеттенмелерди токтотууга алып келбейт, эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса.
____________шаарында 201_________-жылдын "____________"- октябрында
эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар пайда болгон учурда, орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн