Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 25-сентябры ПБ № 211
1. Кыргыз Республикасы менен Науру Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы, Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасы менен Науру Республикасынын
ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу
БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Науру Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү, достукту жана кызматташтыкты чындоону каалап,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы тендикти бекемдөө жана урматтоо, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү тийиштүү деңгээлде урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүне кирүүчү Элчилердин деңгээлинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, англис жана орус тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
___________ шаарында 2019-жылдын «_________»____________түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн Науру Республикасы үчүн