Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 25-сентябры ПБ № 213
1. Кыргыз Республикасы менен Сент-Винсент жана Гренадиндер ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Сент-Винсент жана Гренадиндердин
ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө
БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Сент-Винсент жана Гренадиндер,
эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү, достукту жана кызматташууну чындоону каалап,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын жана эл аралык укуктун, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту мамлекеттер ортосундагы теңдикти бекемдөө жана урматтоо, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү тийиштүү деңгээлде түрдө урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып,
1961 -жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү Элчилердин деңгээлинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен тийиштүү деңгээлде тийиштүү ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ. Каршы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Вашингтон шаарында 2019-жылдын «_» -_түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн Сент-Винсент жана Гренадиндер үчүн