Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 9-октябры № 382-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилдеги тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен
Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө
МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы болуп келген достук мамилелердин нугунда аракеттенишип жана достук мамилени өнөктөштүк жана кызматташтык менен чыңдоону жана тереңдетүүнү каалашып,
бул мамилелерди улангуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун өзөгүндө жаткандыгын түшүнүп,
калыптанып калган салттуу байланыштарды жана эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин эске алышып,
дүйнөнүн 80 өлкөсү катышкан эл аралык долбоордун бекемделип калгандыгын жана Дүйнөлүк көчмөндер оюндарын андан ары дүйно жүзүнө даназалоонун зарылдыгын эске алышып,
мындан ары "Оюндар" деп аталуучу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары Кыргыз Республикасынын ролун эске алышып, 2018-жылдын 3-сентябрында Кыргызстанда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын Алтынчы саммитинин биргелешкен декларациясынын 2-беренесинде Түрк кеңешинин жетекчилери тарабынан баса белгиленгендей, оюндар түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана элдердин жалпы мурасы болуп санала тургандыгын таанышып,
2020-жылы Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мындан ары "кабыл алуучу өлкө" деп аталуучу Түркия Республикасында өткөрүү тууралуу чечимди колдоого алган Түрк кеңешинин 6-саммитинин биргелешкен декларациясынын 3-беренесине шилтеме жасашып,
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын 4-Жогорку кеңешинин биргелешкен билдирүүсүнүн 45-беренесинин жоболоруна таянышып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
Тараптар Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы Түркия Республикасынын аймагында өткөрүү жөнүндө макулдашышты.
Иш-чаранын уюштуруучусу Түркия Республикасы болот, жана Кыргыз Республикасынын мурдагы Оюндарды өткөрүүдөгү ийгиликтүү тажрыйбасын эске алып, түрк тарап уюштуруу комитетин түзүү укугуч өзүнө калтыруу менен Оюндарды уюштуруу комитетинин курамына кыргыз тараптын өкүлдөрүн киргизет.
2- берене
Түрк тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багыттын: этномаданияттын, этноспорттун жана илимдин биримдиги принцибине негизделе тургандыгын таанып, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ушул форматка ылайык өткөрүүгө макул болду.
3- берене
Тараптар Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына төмөнкүлөрдү киргизүүгө макул болушту:
- көк бөрү, эр эңиш, "кыргыз күрөш, ордо, бул оюндар Кыргыз Республикасынын спорттун ушул түрлөрү боюнча федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт;
- тогуз коргоол, "Алыш" бел боо күрөшү - спорттун ушул түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар бекиткен эрежелер менен өткөрүлөт;
- көчмөндөрдүн улуу күрөшү - кыргыз тарап бекиткен эреже боюнча өткөрүлөт.
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук жана көргөзмөлүү программасына кирүүчү спорттун башка түрлөрү түрк тараптын каалоосуна ылайык болот.
4- берене
Тараптар Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этномаданий программасы конкурстук негизде өткөрүлүүчү төмөнкүдөй иш-чаралардан турган "Көчмөндөр ааламы" эл аралык фестивалын өткөрүү болоорун макулдашышты.
- этнохит, этномода, этнобий;
- "Манас" эпосун айтуучулардын конкурсу, дүйнө эпосторун айтуучулардын конкурсу жана төкмө акындардын конкурсу;
- сүрөт искусствосунун конкурсу (живопись, графика, скульптура, каллиграфия);
- этноэкспо, этноүй, этноашкана, этнобазар;
- "Мөңгү" эл аралык кинофестивалы.
Уюштуруу комитети жогоруда аталган иш-чараларга жана иштин түрлөрүнө өзгөртүү киргизүүгө укуктуу.
5- берене
Тараптар Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасы көчмөндөр цивилизациясына, спорттун улуттук жана салттуу түрлөрүнө, салттуу билимдерди мыйзамдык коргоого, ошондой эле Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө чейин жана өткөрүүдөн кийин экологияга жана айлана-чөйрөнү коргоо темасына арналган конференциялары, форумдарды, симпозиумдарды, тегерек столдорду өткөрүү болоорун макулдашышты.
6- берене
Түрк тарап кыргыз тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына толук меймандостукту көрсөтүү боюнча жакшы тенденцияны түзгөндүгүн таануу менен, мүмкүндүктүн болушунча Оюндун катышуучуларына турак жай, тамак-аш жана ички ташууларды камсыздоо боюнча практиканы үзбөөгө макул болду.
7- берене
Оюндардын жеңүүчүлөрүнүн ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Тараптар "Улуу күрөшчү", "Улуу көчмөн", "Улуу баатыр", "Улуу жаачы", "Улуу жаачы айым". "Кок бөрүнүн улуу оюнчусу", "Көк бөрүнүн улуу аты" номинацияларындагы жеңүүчүлөрдүн ысымдарын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын улуу жеңүүчүлөрү китебине жазуу тууралуу макулдашышты.
Китепке ысымдарды жазуу кабыл алуучу тараптын уюштуруу комитети тарабынан ишке ашырылат жана китеп кабыл алуучу өлкөдө кийинки Оюнга чейин сакталат.
8- берене
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мезгилинде Оюндун расмий туусу жана логотиби пайдаланылат.
9- берене
Оюндарды ачуу-жабуу салтанаттарынын учурунда жана оюндар мезгилинде Түрк кеңешине катышкан бардык мүчө елкөлөрдүн туулары пайдаланылат.
10- берене
Дүйнөлүк кечмөндөр оюндарын ачуу-жабуу салтанаттарында жүрүштүн алдында жүрүү укугу мурунку оюндар өткөн өлкөнүн делегациясына берилет.
11- берене
Кабыл алуучу өлкөнүн Уюштуруу комитетинин секретариатынын функциясын Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы Түркия Республикасынын жана Түрк кеңешинин тиешелүү институттары менен кызматташтыкта аткарат. Уюштуруу комитети Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын регламентин даярдайт.
12-берене
Түшүнүшүү жөнүндөгү ушул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Түшүнүшүү жөнүндөгү ушул Меморандумду колдонуу түрк тарап Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү аяктаган датадан тартып автоматтык түрдө токтотулат.
___________________________________________________________________________________________________шаарында
ар бири кыргыз, түрк жана англис тилдериндеги эки түп нускада кол коюлду жана баардык текст бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун чечмелөөдө каршы пикирлер пайда болсо Тараптар англис тилиндеги текстке таянышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Түрк Республикасынын Жаштар
караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча министрлиги
жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик үчүн үчүн