Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-октябры № 378-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Россия Федерациясынын Тюмень облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (Кыргыз Республикасы) менен Тюмень облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (Кыргыз Республикасы) менен Тюмень облусунун Өкмөтү (Россия Федерациясы),
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимдин, 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө декларациянын жоболорун жетекчиликке алуу менен,
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболоруна негизденүү менен,
Жалал-Абад облусунда (Кыргыз Республикасы) жана Тюмень облусунда (Россия Федерациясы) катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы кызматташтыкты менчигинин түрүно карабастан (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субъекттер) колдоо ниетине негизденип,
Жалал-Абад облусу (Кыргыз Республикасы) менен Тюмень облусунун (Россия Федерациясы) ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүдө жана кеңейтүүдө өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
Ушул Макулдашуунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты кеңейтүү жана күчөтүү эсептелет. Тараптар Макулдашууну ак ниеттүүлүк менен натыйжалуу ишке ашыруу максатында ушул Макулдашуунун чегинде ез иштерин тийиштүү деңгээлде координациялоого бардык күч-аракетин жумшашат .
2-берене
Тараптар өз компетенциясынын чегинде, соода-экономикалык. илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин көңүлгө алуу менен төмөнкү багыттар боюнча өз ара байланышта иштешет:
- өз ара соода,
- өнөр жай,
- инвестициялык иш,
- агроөнөр жай комплекси,
- логистика,
- саламаттыкты сактоо,
- илим жана техника,
- жаштар саясаты,
- маданий байланыштар,
- туризм.
3-берене
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программаларды жана (же) иш-чаралар пландарын иштеп чыгып жана кабыл алышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын (Кыргыз Республикасы) жана Тюмень облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ишин координациялоо үчүн аларга көмөк көрсөтүү жана ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программалардын жана (же) пландардын аткарылышын контролдоо максатында биргелешкен комиссияларды жана жумушчу топторду түзө алышат.
Ушул Макулдашууга ылайык конкреттүү долбоорлор, программалар, пландар жана башка келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (Кыргыз Республикасы) жана Тюмень облусунун Өкмөтү (Россия Федерациясы), чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ишке ашырылат.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун чегинде чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерден жана контракттардан келип чыгуучу милдеттенмелерге жоопкерчилик тартышпайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо.
4- берене
Тараптар биргелешкен ишканалардын иштеши, өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон уюштуруучулук, финансы-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүшөт.
5- берене
Тараптар чарба жүргүзүүчү субъекттердин Тараптар өткөргөн жарманкелерге, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышуусуна өбөлгө түзүшөт, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдүн ар кандай багыттары боюнча маалымат алмашышат.
6- берене
Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө делегациялардын жана адистердин алмашуусуна көмөк көрсөтүшөт жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы кызматташтыктын келечегин карашат.
7- берене
Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптар алган маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жана маалымат алынган Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо гана үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн.
Мында ушул Макулдашуунун чегинде Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты алмашышпайт.
8- берене
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга таасир этиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында болгон ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине билдиришет.
9- берене
Ушул Макулдашуу үчүнчү тараптар менен түзүлгөн келишимдерде Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
10- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга тиешелүү Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет.
11- берене
Тараптардын макулдугу менен ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделген езгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене
Ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою жарактуу болот.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу эгерде Тараптардын бири тиешелүү мезгил аяктаганга чейин 3 айдан кечиктирбей анын колдонулушун токтотуу ниетин жазуу жүзүндө башка Тарапка билдирбесе, автоматтык түрдө 5 жылдык мөөнөткө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашууга ылайык ишке ашырылып жаткан контракттарды, келишимдерди, протоколдорду жана программаларды аткаруу боюнча милдеттенмелерди козгобойт.
____________шаарында 2019-жылдын "________"______________эки нускада,
ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, ар бир текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Тюмень облусунун Өкмөтү
Өкмөтүнүн Жалал-Абад (Россия Федерациясы) үчүн
облусундагы ыйгарым
укуктуу окүлүнүн аппараты
(Кыргыз Республикасы) үчүн
Тюмень облусунун Өкмөтү
(Россия Федерациясы) үчүн