Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июлу, № 265-б
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетине өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун республикалык атайын эсептерин жабууда которулган каражаттардын калдыктарынын эсебинен 41 243 700 (кырк бир миллион эки жүз кырк үч миң жети жүз) сом суммасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин көлөмүн жана 36141 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөочү)» бюджеттик сметасы боюнча чыгымдарын 41 243 700 (кырк бир миллион эки жүз кырк үч миң жети жүз) сом суммасына көбөйтсүн;
- Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2018-жылдын башталышына карата атайын эсептериндеги 165 732 500 миң (жүз алтымыш беш миллион жети жүз отуз эки миң беш жүз) сом суммасындагы каражаттардын калдыктарын тиркемеге ылайык бекитсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул оңдоо киргизүүлөрдү карасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо
уюмдарынын атайын эсептериндеги каражаттардын калдыктары
(2018-жылдын 1-январына карата)
(миң сом менен)
Функ-ционал-дык классифи-кациянын коду | Функционалдык классификациянын аталыштары | Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражаттар | Кошумча төлөө каражат-тары | Бардыгы |
36141 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (ведомстволук саламаттык сактоо мекемелери) | ||||
70721 | Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 26003,6 | 13 919,1 | 39922,7 |
70723 | Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр | 6773,9 |
| 6 773,9 |
70731 | Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 38647,1 | 28 516,6 | 67163,7 |
70732 | Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 18125,5 | 18363,1 | 36488,6 |
70733 | Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 364,0 | 308,3 | 672,3 |
70735 | Балдар үчүн ооруканалардын жана калыбына келтирүүчү борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү | 9144,3 | 4845,8 | 13990,1 |
70741 | Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары | 21,3 |
| 21,3 |
70751 | Саламаттык сактоо жаатындагы илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 5,9 | 682,8 | 688,7 |
70761 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 11,2 |
| 11,2 |
| Бардыгы: | 99 096,8 | 66 635,7 | 165 732,5 |