Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-октябры № 391-б
Кытай Эл Республикасынын Наньнин шаарында 2019-жылдын 17-19-октябрында өтүүчү "Кытай - Борбордук Азия" VII кызматташтык форумунун ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 16-20-октябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Наньнин шаарына командировкага жиберилсин.
3. Ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары чакыруучу тараптын эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кытай Эл Республикасынын Наньнин шаарында 2019-жылдын 17-19-октябрында өтүүчү "Кытай - Борбордук Азия" VII кызматташтык форумунун ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Аскаров Замирбек Марипбаевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Бактыгулова Канайым Джумадиловна | - | Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тыныстанова Мунира Макеновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы; |
Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Салихов Кеңеш Каримович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Алыкулова Бегаим Кошойбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин үчүнчү катчысы. |